Түркияда кыргыз аялдарын сойкулук кылууга мажбурлаган эркектер кармалды | Эркиндик Медиа

Түркияда кыргыз аялдарын сойкулук кылууга мажбурлаган эркектер кармалды

Измир шаарында (Түркия) кыргыз аялдарын сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган эркектер камакка алынды. Бул тууралуу sondakika.com басылмасы билдирди

Анын айтымында, ИИМ сегиз чет элдик аялды сойкулукка мажбурлаган деп шектелген алты адамды кармады.

Төрт айлык иликтөөнүн жүрүшүндө полиция кызматкерлери Россия, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандан келген аялдарды уруп-сабоо, күч колдонуу жана кысым көрсөтүү аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкандыгын аныкташкан.

Кармалгандар камакка алынып, аялдар Иммиграция бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

https://www.sondakika.com/e992c909-daaf-41bc-bdf9-805cd31d0edf