Түркияда жалпы шайлоочулардын 13%ы гана өз добушун берди | Эркиндик Медиа

Түркияда жалпы шайлоочулардын 13%ы гана өз добушун берди

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин алдындагы №9036 участкасында парламентке депутаттарды шайлоо аяктады.

Элчиликтин маалымат бергендей, шайлоо мыйзам чегинде өтүп, шайлоочулар жана байкоочулар тарабынан арыздар түшкөн жок.

“Анкарада шайлоочулардын тизмесине киргизилген 714 шайлоочунун ичинен 13%ы же 93 кыргызстандык гана добуш берди”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, күн мурун, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү.