Түштүк Кореяга кире албай жаткан кыргыз жарандарынын маселеси талкууланды
Динара Кемелова маектешине Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаал жөнүндө маалымат берди. Атап айтканда, болуп өткөн Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасы боюнча референдумдун жыйынтыктары жөнүндө айтып берди. Маектешүүчүлөр Кыргызстанда жана Түштүк Кореяда болуп жаткан демократиялык процесстер жана мамлекеттик башкаруунун тажрыйбасы жөнүндө пикир алмашышты.