“Таанылбай калган” Ысык-Көлгө кетип, дайынсыз болуп жаткан жигиттин сөөгү табылды | Эркиндик Медиа

“Таанылбай калган” Ысык-Көлгө кетип, дайынсыз болуп жаткан жигиттин сөөгү табылды

 7-июлда Бишкек шаарынан Чолпон-Атага кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 31 жаштагы Н.К. (эркек киши) аттуу жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу журналисттерге күч структурасынан билдиришти.

Буга чейин Н.К. туугандары тарабынан изделип жаткан. Анын жансыз денеси асылган абалда Түп районунан табылды. Өзүнүн өмүрүнө кол салганы же киши колдуу болгону азырынча белгисиз. Кечээ маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Михайловка айылында жерге берилди.

Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери окуяны тастыктады.

«Түп районунун Михайловка айылынын тургуну Н.К. Бишкек шаарынан Чолпон-Ата шаарына кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы боюнча маалымат түшкөн. 19-ноябрь күнү Түп районундагы талаа жактагы чычырканактын арасынан асынып турган жансыз дене табылган. Жансыз дене болжол менен жарым айдай туруп калгандыктан таанууга мүмкүн болгон эмес. Милиция кызматкерлери маркумдун сөөгүн жана баштыгындагы уюлдук телефонун туугандарына өткөрүп беришкен. Денени алгачкы кароодо ур-токмоктун белгилери аныкталган жок», – дешти алар.