Талант Мамытов: Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн укуктук талаага кайтып келишине жардам берди | Эркиндик Медиа

Талант Мамытов: Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн укуктук талаага кайтып келишине жардам берди

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов депутаттарга 2020-жылдын октябрь айынан бери аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Төрага өз сөзүндө Жогорку Кеңеш бирден-бир мыйзамдуу орган болгонун белгиледи.

«Кыргыз эли, анын ичинде биз – депутаттар чоң сыноолорго туш болуп, өлкөдөгү туруктуулукту жана тынч кырдаалды сактап калдык. Жакында президенттик шайлоо жана референдум өттү. Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болуп шайланды. Бүгүн республиканын тарыхындагы жаңы барак башталат. Кыйын мезгилде депутаттар жоопкерчиликти алышып, өлкөнү укуктук талаага кайтара алышты», – деди Мамытов.

Мындан тышкары, спикер өз ишин аткаруу үчүн зарыл болгон аракеттерди жасагандыгын баса белгиледи.