Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдө” алтындын запасы канча калганын айтты | Эркиндик Медиа

Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдө” алтындын запасы канча калганын айтты

“Кумтөр кениндеги алтындын запасы отчеттордо көрсөтүлгөндөн алда канча көп” деди бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өткөн маалымат жыйынында “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын убактылуу башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк.

Анын айтымында, билдирүүлөргө ылайык, 667 тонна алтын калууда, бирок анын дагы бир топ бөлүгү бар, ал “ондогон жылдарга жетет”.

“Запасы атайылап туура эмес көрсөтүлгөн”, – деди Бөлтүрүк.

Өз кезегинде компаниянын ишмердүүлүгүн кароо боюнча комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров 2017-жылы мөңгүлөрдү өздөштүрүү үчүн добуш бергенин танбай тургандыгын белгиледи. Бирок анын айтымында, мөңгүлөр боюнча иш жүзүндө иш ага чейин эле жүргүзүлүп келген. 2017-жылы парламент Лысый менен Давыдовду иштеп чыгууга жөн гана де-юре уруксат берди.

“Бирок экологияны бузууга эч кандай уруксат болгон эмес” деди ал.