Тимур Саралаев: “Жапаровду Чүйдүн 156 миң шайлоочусу колдогону, бул биринчи ирээт анын эл арасындагы болгон аброю” | Эркиндик Медиа

Тимур Саралаев: “Жапаровду Чүйдүн 156 миң шайлоочусу колдогону, бул биринчи ирээт анын эл арасындагы болгон аброю”

“Шайлоонун алкагында, алгач Садыр Нургожоевичке, ал киши бизге ишеним артып, мүмкүнчүлүк берди, биз колубуздан келишинче ишти алып бардык. Албетте, жалпы Кыргызстандын жана анын ичинен Чүй облусунун 156 миң шайлоочусу колдогону, бул биринчи ирээт Садыр Жапаровдун өзүнүн эл арасындагы болгон аброю”, – деп бүгүн, 20-январда КР мигранттарды колдоо фондунун директору Тимур Саралаев Facebook социалдыкдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Андан соң гана ага кол-кабыш кылган, күнү-түнү үгүттөгөн команданын бирдиктүү, ынтымактуу, системдүү жана ыкчамдуу иши болду.
Терең ыраазычылыкты Суусамырдан, Панфилов, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунан, Кара-Балта менен Токмок шаарларынан түптөлгөн эң мыкты командалардын жетекчилерине жана алардын артында турган миңдеген ыктыярчы ага-эжелерибизге, ини-карындаштарга билдирем.
Сиздер менен биз, күнү-түнү тынымсыз ачык-айкын, кыштын суугуна карабай, дем алуу менен эс алууну билбей, элге бир тыйын бербей иштештик, акыры жакшы жыйынтык болду.
Жеке мен үчүн, облустук деңгээлде – эң татаал, эң көп улуттуу, эң көп талапкерлер чыккан, эң саясатташкан чөлкөмдө штаб жетекчиси болуу жана жакшы жыйынтыкка облусту алып келүү чоң сынак болду. Облус-райондордун жардамы менен гана мындай мыкты жыйынтык болду, көп нерсени көрдүк, түшүндүк, үйрөндүк.
Республикалык штабдын жетекчилигине да рахмат, алар бардык маселелерди ыкчам чечип жатты. Ишеним артып, улуу-жашы дебей мени менен иштешип, колдоого алганыңар үчүн Сиздерге чоң рахмат айтам!”, – деп жазды ал.
Возможно, это изображение (28 человек, люди стоят и верхняя одежда)
“Сүрөттө турган инсандар менен Чүй облусунда бир команда болуп, шайлоо алкагында иштешкениме мен сыймыктанам. Бүгүн, шайланган президентибиз – Садыр Жапаров, облуста түптөлгөн команданы кабыл алып, кенен пикир алмаштык, жамаатыбыз жалпы бир гана каалоо тилекти айттык – реформа кылыңыздар, деп”, – деди ал.