Турак жайдан өрт чыгып, карыя каза тапты
Кадамжай районундагы Араван шаарчасында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Масаев көчөсүнүн №7 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен турак үйдүн 1,5 чарчы метр полу күйүп өчкөн жана өрт болгон жерде денесинен 80% күйүк алып 1943-жылы туулган эркек киши каза болгон.
Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.