УКМК чет жактан келген жан кечтини кармады | Эркиндик Медиа

УКМК чет жактан келген жан кечтини кармады

Бүгүн, 22-июлда УКМК терроризмге каршы жүргүзүлгөн иштердин алкагында чет өлкөлүк жаранды кармады. Ал айрым КМШ өлкөлөрүнүн террордук жашыруун уюмдары менен туруктуу байланышта болуп, идеологиялык колдоо көрсөтүп, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн биринде террористтик актыга жан кечти террорчу катары катышууну пландаштырганы аныкталды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

«Кырдаалдан пайдаланып деструктивдүү идеологияны жайылтуу үчүн диний-экстремисттик уюмдардын активдешүүсү байкалууда. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын УКМКсы жарандарды сак болууга чакырат. Эгерде террористтик кылмышка даярдануу белгилери байкалса, өз убагында ыкчам чара көрүү үчүн тез арада укук коргоо органдарына токтоосуз билдирүүнү өтүнөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык терроризмдин мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо жана алардын ишин токтотуу боюнча иш-чараларды улантууда», – деп айтылат маалыматта.