УКМК: “Кылмыш ишин оң жакка чечип берүү үчүн 180 миң доллар пара алган кызматкерлер кармалды” | Эркиндик Медиа

УКМК: “Кылмыш ишин оң жакка чечип берүү үчүн 180 миң доллар пара алган кызматкерлер кармалды”

Атайын кызматтын жетекчилигинин артына жашынып, өзгөчө ири өлчөмдө каражат алган алдамчылар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмыш ишин тергөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын жетекчилеринин бирин кармоо боюнча, КР УКМК маалымат келип түшкөн, Кыргыз Республикасынын УКМК жетекчилигинин атынан өзүлөрүн коргогон адамдар, шектелип жаткан адамдын туугандарынан тергөө иштери жүрүп жаткан кылмыш ишин оң чечим чыгарып берүү үчүн 180 миң АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын алышкан.
Аталган факт КР УКМК башкы тергөө башкармалыгына КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды.
2021-жылдын 9-мартында жогорудагы кылмышка шектүүлөр кармалган жана 1972-ж.т. Кожоев Абдыразак жана 1978-ж.т. Мамаджанов Кумар  УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кыргыз Республикасынын УКМК аталган адамдардын алдамчылык аракеттерине чалдыккан жарандар болсо, тиешелүү арыз менен же УКМК нөөмөт кызматынын 0312 66-04-75 телефонуна кайрылуусун суранабыз. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.
Ошондой эле, КР УКМК бардык тергөө иштери боюнча сот процессуалдык чечимдери кабыл алынаарын жана конкреттүү иштин тергелишинин жүрүшүнө таасир этүү аракеттери мыйзамдын толук көлөмүндө басылаарын эскертет.