Улукбек Марипов бюджеттин акчасын кайда үнөмдөсө болорун айтты | Эркиндик Медиа

Улукбек Марипов бюджеттин акчасын кайда үнөмдөсө болорун айтты

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалициянын жыйынында Улукбек Мариповдун кандидатурасын премьер-министрлик кызматка каралып жатат.

Ал биринчи кезекте башкаруу системасында реформаларды жүргүзүү ниети бар экенин билдирди.

“Тактап айтканда, энергетика тармагында акчаны үнөмдөсө болот. Тогуз компанияда чоң өзгөрүүлөр болот. Алардын ар бири текшерилет. Болжол менен 1,6 миллиард сомду үнөмдөөгө болот жана бул бир гана энергетика тармагында. Бардык структураларды оптимизациялайбыз», – деди Улукбек Марипов.