Улукбек Марипов Каржы полициясы тууралуу: ИИМге кошулбайт | Эркиндик Медиа

Улукбек Марипов Каржы полициясы тууралуу: ИИМге кошулбайт

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы каралууда.

Анын жүрүшүндө депутат Улан Примов Каржы полициясынын келечеги тууралуу сурады.

Марипов бул орган жоюлбай турганын билдирди.

«Бүгүн коомчулукта өкмөттүн реформасы, Каржы полициясы талкуу болуп жатат. Кечээ текшерүүчү органдар боюнча бир катар маселелер көтөрүлдү, өзгөчө бизнесте. Эгерде биз өлкөнүн экономикасын көтөрөбүз десек, анда биз таразанын бир жагына Кыргызстандагы бардык бизнесмендерди, таразанын бир жагына бир адамды коюп туруп, таразалайлы. Мамлекеттин тагдыры жогору турат деп ойлойм. Ар бир жетекчи каалоолорун өзүнчө отуруп сүйлөшүш керек. Бул орган ИИМге барбайт. Өзүнчө орган катары түзүлүшү мүмкүн, бирок текшерүү жаатында бир топ маселелер бар», – деди Марипов.

Примов анын сөзүнө кошулуп, Каржы полициясы ИИМге барбашы керек экенин, Салык кызматынын алдындагы башкармалык же департамент болушу керек экенин айтты.