ВИДЕО (18+) Өзгөндө кансыраган жигиттер ооруканага жеткирилди | Эркиндик Медиа

ВИДЕО (18+) Өзгөндө кансыраган жигиттер ооруканага жеткирилди

Өзгөндө кансыраган жигиттер ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-июлунда саат 01:06 чамасында Ош ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош облустук ооруканасынан телефон аркылуу Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Кочкор-Ата айылынын тургундары 28 жаштагы Б. уулу И., 33 жаштагы Б.Ч., жана Базар-Коргон районунун тургуну 32 жаштагы М.А., денелерине жаракаттарды алышып кайрылышкандыгын билдирген.

Аталган факт 2021-жылдын 18-июль күнү 01:20 чамасында Ош ОИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам-тергөө тобу Ош облустук ооруканасына барган кезде Өзгөн районунун Кочкор-Ата айылынын тургуну 56 жаштагы Б.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда ал 2021-жылы 17-июлда саат 21:30 чамасында балдары 28 жаштагы Б. уулу И., 32 жаштагы Б.Ч., жана 33 жаштагы күйөө баласы М.А.ны Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жайылма аталышындагы жайлоодо У. уулу А., аттуу жаран достору менен эч бир себепсиз урушуп, денелерине жаракаттарды келтиришкендигин билдирип, бул окуя боюнча мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Мындан сырткары, 2021-жылдын 18-июль күнү Куршаб айылынын жашоочусу 20 жаштагы К.А., 2021-жылдын 17-июль күнү саат 21:00 чамасында Жылышма жайытында аны жана анын инилери 19 жаштагы С.Ж., жана 16 жаштагы К.М.ди Кремль айылынын тургундары Ч., И. жана А. аттуу балдар урушуп, денелерине жараат келтиришкендиги тууралуу Өзгөн РИИБне арыз менен кайрылышкан.

Жогорудагы факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-берененин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып соттук-медициналык экспертизалары дайындалган.

Бүгүнкү күндө жогорудагы жазык иштер боюнча соттук-медициналык экспертизалары дайындалып, кылмышка шектүү атуулдарды тактоо жана мыйзамдуу чара көрүү боюнча тергөө амалдары уланууда.