ВИДЕО- Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабынын кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүрдү | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабынын кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүрдү

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабынын кызматкерлери Мээрим Асанова жана Нурзада Токтогулованын үйлөрү тинтүүгө алынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Мээрим Асанова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында дагы ошол учурду түз эфирде чагылдырган.

Окуя бүгүн, 3-февралда болжол менен эртең мененки саат 8.00до болгон.