ВИДЕО- Андижанда чылымдын айынан бүтүндөй бир көчөдө өрт чыкты | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Андижанда чылымдын айынан бүтүндөй бир көчөдө өрт чыкты

Анжиян шаарынын тургуну чылымдын калдыгын аягына чейин өчүрбөй таштап коюп, анын кесепетинен бир көчөдө өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМге шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, буга чейин Анжияндын бүтүндөй бир көчөсү күйүп кете жаздады. Анын себеби поездден жолдун четине ыргытылган, бирок чогу өчүрүлбөгөн тамекинин калдыгы болгон.

Натыйжада куураган чөп өрттөнүп кетти. Андан кийин жалын бактарга жайылган.ӨКМ жеринде эки бригада иштегенин, тилсиз жоо имарттарга өтүп кете электе аны чектеп калганын билдирген. Жабырлануучулар жок.