ВИДЕО – Белгисиз адам шаардын ортосунда өзүн өзү өрттөп салды | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Белгисиз адам шаардын ортосунда өзүн өзү өрттөп салды

Беларустун борбору Минск шаарындагы эгемендик аянтында белгисиз адам өзүнө өрт койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 22-январда болгон.

“Социалдык тармактарга белгисиз адамдын күйүп жаткан видеосу тараган. Анда милиция кызматкерлери өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы тууралуу азырынча белгисиз. Минск мэриясынын басма сөз катчысы бул окуя боюнча тергөө башталганын билдирди. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги өзүнө өрт койгон адамдын денесинин 50 пайызы күйүп калганын жана оор абалда экенин билдирди”, – деп жазылат маалыматтарда.