ВИДЕО- Бишкекте “Аутизм победим kg” борборунун кызматкери 6 жаштагы баланы сабады | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Бишкекте “Аутизм победим kg” борборунун кызматкери 6 жаштагы баланы сабады

Бишкекте “Аутизм победим kg” борборунун кызматкери ДЦП менен жабыркаган баланы сабады. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова Facebook баракчасына жарыялады.

«Мага Назгүл аттуу аял кайрылды. Анын алты жаштагы баласынын церебралдык шал оорусу менен жабыркап келет. Алар бул борборго баланы реабилитацияга алып барышкан. Апасынын айтымында, 17-майда ал баласын дефектологдун кабыл алуусуна алып келген жана андан кийин ал туталанып баштаган. Эне видеотасманы көрүү өтүнүчү менен кайрылып, бала сабалгандыгы аныкталды», – деп жазган ал.

Ошондой эле Ассоль Молдокматова видеотасманы жана зомбулуктун ачык далилдерин көргөндөн кийин администрация дефектологду кызматтан алуу чечимин кабыл алгандыгын айтты.