ВИДЕО- Бишкекте авто унааны айдап, качып бараткан шектүү жол кырсыгына кабылды | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Бишкекте авто унааны айдап, качып бараткан шектүү жол кырсыгына кабылды

 Бишкек шаарында автоунаа уурдаган шектүү кармалды, деп билдирди Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.

2020-жылдын 28-декабрында Бектенов көчөсүндө жайгашкан турак үйгө кирген эркек киши короодо токтоп турган «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү автоунааны айдап кеткен. Көп узабай Ибраимов көчөсүнө жеткенде унаа бакты сүзүп токтогон. Ууру ал жерге унааны калтырып, өзү качып кеткен.

Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан бул ишке шектүү катары 1985-жылы туулган Ш.Р. кармалып, убактылуу камакка алынды. Расмий маалымат боюнча, шектүү унааны уурдап качкан учурда мас абалда болгон.