ВИДЕО – Бишкекте азык-түлүк саткан дүкөн өрттөнүп кетти | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Бишкекте азык-түлүк саткан дүкөн өрттөнүп кетти

Бишкекте түндө дүкөн өрттөнүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

“Короче” Telegram-каналы өрттүн видеосун жарыялады.

23-январга караган түнү 5-кичи районундагы №48 үйдүн жанында жайгашкан азык-түлүк саткан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 02:39да Октябрь районунан бир бөлүм тартылган.

Тилсиз жоо саат 03:36да чектөөгө алынып, 04:30да толук өчүрүлгөн.

“Кийинчерээк дүкөндүн аянты 50 чарчы метр экени аныкталды. Ошондой эле азык-түлүктөр менен биргеликте 11 муздаткыч жана кондиционер күйүп кеткен”, — деп айтылат маалыматта.

Өрткө электр жабдыктарын орнотуудагы эреже бузуулар себеп болгон.