ВИДЕО – Бишкекте мыйзамсыз түрдө “FRIMA” кургак сүтүн чыгаргандар кармалды | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Бишкекте мыйзамсыз түрдө “FRIMA” кургак сүтүн чыгаргандар кармалды

Бишкек шаарында мыйзамсыз түрдө “FRIMA” кургак сүтүн даярдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-январда базарларды текшерүү учурунда жер төлөөдө жайгашкан цех табылган. Анда кургатылган сүт мыйзамсыз даярдалып жатканы маалым болгон.