ВИДЕО- Бишкектеги мейманканада чыккан ири өрт өчүрүлдү | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Бишкектеги мейманканада чыккан ири өрт өчүрүлдү

Бишкектин Ленин районунун Жумабек көчөсүндө жайгашкан “Голд” мейманканасынан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, өрт саат 22:41де чектөөгө алынып, саат 00:54тө толук өчүрүлгөн.
“Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 6 атайын техника тартылды. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок”, – деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, буга чейин социалдык тармактарда чыккан өрттүн видеосу жарыяланган:

Бишкекте өрт чыкты

Бишкекте мейманканада өрт чыкты 2