ВИДЕО – Бишкектиктер Азиз Суракматовду кол чабуу менен тосуп алышты | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Бишкектиктер Азиз Суракматовду кол чабуу менен тосуп алышты

Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри кызматына кайтып келди. Бул тууралуу мэрдин кеңешчиси Гуля Алманбетова билдирди.

Бишкек шаарынын тургундары аны кол чабуу менен тосуп алышты.

Эскерте кетсек, 6-октябрда Азиз Суракматов кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, кызматынан кеткен.

Күн мурун мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу болуп биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев дайындалган.