ВИДЕО – Бишкектин тургуну үйүнүн шыбына чейин таштандыга толтуруп, ажаткана катары колдонуп жүргөн | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Бишкектин тургуну үйүнүн шыбына чейин таштандыга толтуруп, ажаткана катары колдонуп жүргөн

Бишкек шаарынын мэриясына шаардыктардан Токтоналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринде таштанды сактаган кошунасы боюнча арыздар менен кайрылуу келип түшкөн.

Кайрылууда антисанитардык шарттардан улам таракандар жана башка кооптуу курт-кумурскалар пайда болуп, тепкичке, коңшу батирлерге жагымсыз жыт жана кир кире баштагандыгы көрсөтүлгөн. Тургун кошуналарына эшик ачпаган, байланышка чыкпаган.

МАБдын жана “Тазалыктын” кызматкерлери айтылган дарекке барышып, шыпка чейин таштандыга толгондугун көрүшкөн. Батирде ажаткана жок болуп, аял үйдүн ичин ажаткана катары колдонуп жүргөн.

Так ушул тапта муниципалдык кызмат облустун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте таштандыларды чыгарып жатышат. Буга чейин эки бөлмөлүү батирге 5 тоннага жакын таштанды чогултулган. Жашоо аянтын тазалоо үчүн 10дон ашык рейс талап кылынат. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери дагы бар.

Белгилей кетсек, эки жыл мурун муниципалитеттин кызматкерлери ошол эле батирден бир нече тонна таштанды чыгарган.

“Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы ар дайым байланышта! Сиз күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номуру аркылуу колл-борборуна кайрылсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөттөрүн 0554 182-185 номуруна жибериңиздер”,- деп жазган мэрия.