ВИДЕО- Чаткалда кен иштеткен фабриканын калдыктары дарыяга агып түштү | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Чаткалда кен иштеткен фабриканын калдыктары дарыяга агып түштү

Кечээ, 23-январда саат 15:30 чамасында Чаткал районунун Терек-Сай аймагында алтын ылгоочу фабрика иштеткен жай ачылып кетип, фабрикадан иштетилип чыккан калдыктар дарыя суусуна кошулуп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүүлөр билдирди.

Жергиликтүүлөр арасында «Дарыядагы сууну ичпей тургула дамба жарылып кетти. Сууга цианид кошулуп кетти, химикат кошулду» деген тасмалар да тарады.

Видеотасманы төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз:

https://www.instagram.com/p/CKZjCHDsxMd/?igshid=199i2bf1pgwtj

Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Ашырбаев сууга цианид кошулбаганын, атайын курулган жай ачылып кетип, дарыяга кошулуп кеткенин билдирди.

«Кен казган «Эти Бакыр Терек-Сай» фабрикасы иштеткен эски фабрикада «остойник» бар эле, ошол ачылып кетиптир. Эски көмүр калдыктар бар эле ошол, кум кошулган. Кандайдыр бир химикаттар болушу мүмкүн дегендер да бар. Биз калдык түшкөн жерден төмөнкү жагындагы айылдын элине дарыянын суусун ичпей турууну эскерттик. Өзгөчө Терек-Сай, Ынтымак айылдарынын элине. Бул айылдагыларга компания өзү да таза суу таратып жатат», – деди ал.

ӨКМдин Жалал-Абад областык башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Исаев да «отстойниктин» суу фабрикадан чыккан суусу ашып кеткенин, кайра токтогондугун айтты.

«Эл айтканда ал цианид эмес экен. «Отстойниктеги» «шлак» ашып кеткен экен, кайра токтотулуптур. Башта сууга аралашкан экен. Азыр сууга аралашкан жок. Эртең Чаткал райондук жарандык коргонуу кызматы барат. Эртең бул окуя боюнча толук маалымат берилет», – деди ал.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов лабораториялык текшерүү болорун айтты.

«Эски фабрикадан иштетилип чыккан суунун «отстойниги» жарылган жеринен дарыяга кошулган. Лабораториялык текшерүүгө берилди. Алдын ала маалыматка караганда эч кандай зыяны жоктугу айтылып жатат. Бул боюнча иш жүрүүдө. Калк кооптонууга негиз жок», – деди ал.