ВИДЕО- Депутат министрге: Сүрдөбөш үчүн Т.Үмөталиеваны чакырып берелиби? | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Депутат министрге: Сүрдөбөш үчүн Т.Үмөталиеваны чакырып берелиби?

Министрлер кабинети жөнүндө конституциялык мыйзамдын долбоору боюнча баяндамачылардын даяр эместиги бир катар депутаттарды нааразы кылды.

Бүгүн, 22-июлда парламент мыйзам долбоорун карап жатат. Айрым депутаттар баяндамачы — юстиция министри Асел Чынбаева орусча сүйлөгөнүнө, даяр эместигине жана суроолорго жооп бере албай жатканына нааразы болушту.

Президенттин өкүлү Анарбек Калматов мыйзам долбоорунун концепциясын колдоону суранып, министр сүрдөп жаткандыгын белгиледи.

Буга депутат Рыскелди Момбеков: «Министр сүрдөп жатат дейт. Сүрдөбөсүн деп Токтайым Үмөталиеваны чакырып берелиби? Жанында олтуруп массаж кылып турсун»,- деди.

Кечээ, 21-июлда, Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында укук коргоочу Токтайым Үмөталиева министр Асел Чынбаевага массаж жасаган.