ВИДЕО – “Империя пиццы” компаниясынын жетекчилиги кыргызча ырдоого тыюу салган кардарынан кечирим сурады | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – “Империя пиццы” компаниясынын жетекчилиги кыргызча ырдоого тыюу салган кардарынан кечирим сурады

Социалдык тармактарда Бишкектеги «Империя пиццы» караокесинде тартылган видео тараган. Анда кардар кыргыз тилинде ырдоону каалап жатканын айткан. Бирок жаранга ишкананын администратору бул жерде кыргыз тилинде ырдоого болборун, ишкананын шарты ушундай экендигин билдирген.

Буга байланыштуу тсамадагы кардар Ынтыш Абдылдаев компаниянын үстүнөн тиешелүү жерлерге кайрылуу ниети бар экендигин жана чырдын кандайча келип чыкканы тууралуу төмөнкүдөй билдирүү жазып чыккан:

“Мен англисче, андан кийин орусча ырдадым. Рыспай Абдыкадыровду жакшы көрөм, издедим, бирок ырларын тапкан жокмун, андан кийин Гүлнур Сатылганованын ырларын ырдоону чечтик, издегенимди таппай койдум. Ошондуктан колубузда болгон нерсеге токтолдук. Көрсө, бир эле учурда эки ырга тапшырык беришибиз керек экен. Экинчи ыр орусча болду, алар мага коюп беришти.

Андан кийин мен кыргызча ырды күтө баштадым, бир-эки мүнөттөн кийин музыкант келип, “кечирим сурайм, бирок бизге кыргызча ырдаганга тыюу салынат” деди. Мен таң калып, себебин сурадым. Ал администрацияга телефон чалды, администратор кыз келгенде “эмне үчүн мен эне тилимде ырдай албайм” деп сурасам, алардын репертуарында кыргыз ырлары жок деп жооп берди. Бирок мен аны таптым жана көрсөттүм.

Анан ал басып кетти, башкалардан бир нерсе сурады жана кайра келип ” чындыгында эле кыргыз тилинде ырдоого тыюу салынат, бул компаниянын эрежеси” деп жооп берди.

Мен ага басмырлоо жана башка беренелерди көрсөтө баштадым, ал “смело” сотко бере бер деп айтты. Бир сөз менен айтканда, мен анын кечирим сурашын күткөн жокмун”.

"Позиция администратора не совпала с позицией заведения". Скандал в караоке

"Позиция администратора не совпала с позицией заведения". Скандал в караоке

Бирок аталган кардар бүгүн, 22-октябрда видеотасмадагы конфликт чечилгендигин айтты:

“Урматтуу достор, “Империя пиццы” компаниясынын жетекчилеринин бири мага байланышты.
Алар кечирим сурашты жана мен чыр-чатак бүттү деп расмий билдирем.

Айрым кызматкерлердин компетентсиздигинен улам улуттар аралык чыр-чатак чыкпашы үчүн ушул билдирүүнү колдоону баарыңыздардан өтүнөм.

Ал жерде биздин кыргыздар-эжелер, апалар, инилер жана бир туугандар иштешет.
Ошондуктан мен жетекчиликтин кечирим суроосун кабыл алам жана маселе расмий түрдө чечилди”.

Дороги друзья, ко мне вышла на связь один из руководителей Империи Пиццы. Они попросили прощения и я официально объявляю что конфликт исчерпан. Я прошу всех вас поддержать данный пост, дабы не было межнационального конфликта из за не компетентности некоторых сотрудников. Там работаю наши же кыргызстанцы. Эжешки, апашки, инилер и братья. Поэтому я принимаю извинения руководства и вопрос официально решён.

Опубликовано Yntysh Abdyldaev Четверг, 22 октября 2020 г.