ВИДЕО – Иса Өмүркуловдун жүздөгөн коюн айдап кетишти | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Иса Өмүркуловдун жүздөгөн коюн айдап кетишти

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Карагай-Булак айылында жайгашкан Иса Өмүркуловдун мал сарайын талкалап, жүзгө жакын койду айдап кетишти. Бул тууралуу Turmush басылмасы жергиликтүү тургундарга шилтеме берип жазып чыкты.

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан бул маалыматты тастыктап:

“Сарай талкаланып, жүздөй койду айдап кетишкени чын. Ал сарай Иса Өмүркуловдуку деп айтылып келет. Бирок кагаз жүзүндө ээси ким экенин билбейбиз”, – деп билдиришти.