ВИДЕО- Үй-бүлөлүк зомбулук: Сауд Аравиядагы кыргызстандык аял жардам суроодо | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Үй-бүлөлүк зомбулук: Сауд Аравиядагы кыргызстандык аял жардам суроодо

Facebook колдонуучусу Дарика Аблабекова Сауд Аравиясында жашаган кыргыз аялдын “KG ВРАЧИ – Кыргызстандын саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин жамааты” тобуна жазган билдирүүсү менен видео жарыялады.

Аблабекованын айтымында, аял жардамга муктаж.

“Анын аты Асел Дуванаева. Ал Сауд Аравиясында жашайт. Төрт баласы бар, күйөөсү аны туткунда кармайт, жакындарынын бири да аны менен байланыша албай жатышат, биз Сауд Арабиясындагы консулдан чара күтүп жатабыз. Учурда күйөөсү баардык юридикалык документтерди жана байланыш каражаттарын тартып алган. Ал күйөөсү менен ажырашып, кичүү балдарын өзүнө калтыргысы келет. Балдар Сауд Аравиясынын жарандары, ал Кыргызстандын консулдугуна жана полицияга бир нече жолу кайрылып, ур-токмокко алынгандыгын билдирген. Сот иши ушул жылдын 8-мартында өтүшү керек болчу, бирок күйөөсү аны үйүнө камап салган”, – деп түшүндүрдү ал.

“Мен Асел Дуванаева. Сураныч, мага жардам бериңиздер. Жолдошум мени уруп-сабап, менин жашоомо жол бербейт. Ал баңги зат колдонот. Мен аны менен ажырашкым келет”, – дейт аял видеодо.