ВИДЕО- Кайгуул кызматкерлери кокустан колун кесип алган баланы ооруканга жеткиришти | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Кайгуул кызматкерлери кокустан колун кесип алган баланы ооруканга жеткиришти

Милициянын кайгуул кызматкерлери кокустан колун кесип алган жаш баланы ооруканга жеткиришти.

2021-жылдын 20-апрелде милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда, болжол менен саат 17:00 чамасында Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен болжол менен жашы 20-25 курактагы айым кайгуул кызматкерлеринен жардам сурап кайрылган. Анда 3 жаштагы иниси ойноп жатып, кокусунан колун кесип алгандыгын айтып, көп кан кеткендиктен эртерээк ооруканага жеткирип коюусун өтүнгөн. Анткени жолдо жол тыгыны көп болгондуктан кечигип жаткандыгын билдирген.

Кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, жаш баланы эжеси менен кошо кызматтык унаага отургузуп, тез арада №3 жаш балдордын ооруканасына жеткиришкен.

https://www.instagram.com/p/CN4w3AJHnm6/?utm_source=ig_web_copy_link

Азыркы учурда эжеси инисинин ден соолугу жайында экендигин айтып, кайгуул кызматкерлерининин ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирген.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.