ВИДЕО- Каратаев COVID-19дан каза болгондордун туугандарынын митинги боюнча: Мен унаада бирөөнү коюп кеттимби? | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Каратаев COVID-19дан каза болгондордун туугандарынын митинги боюнча: Мен унаада бирөөнү коюп кеттимби?

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев журналисттерге Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын жанындагы бүгүнкү митингде COVID-19дан каза болгондордун туугандарынын сүйлөгөн сөзүнө комментарий берди.

Митингчилер аны кызматтан кетирүүнү талап кылышууда. Митингге чыккандардын бири Ырыскан Зулпукарова министрдин орун басары Мадамин Каратаев менен КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Талант Сооронбаевдин жоопкерчилиги каралышы керек деди.

“Мейли кызматтан кетиришсин. Мен аны карманбайм. Бирок эмне үчүн алар: “Ууру жана киши өлтүргүч “деп жазышат? Мен коронавирустун очокторунда иштеген адаммын. Эмнеге бирөөнүн чыргоолугунан (каприз) ушундай болушу керек? Менин ууру экенимди ким аныктайт? Сотпу? Дагы “киши өлтүргүч “дешет. Мен (бирөөнү) унаада коюп кеттимби же атып салдымбы?” – деди Каратаев.

Министрдин орун басары ошондой эле митинг өткөрүүгө мэрия уруксат бергенине же бербегени тууралуу маалыматка кызыкты.

“Кантип баарын ууру жана киши өлтүргүч деп айта аласыңар? Алар сотпу же эмне?” – деп ачууланды.

Эске сала кетсек, бүгүн, 25-январда Бишкекте Коронавирустан каза болгон кыргыз жарандарынын туугандары Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратына митингге чыгышты. Алар саламаттыкты сактоо тутумундагы люстрация жана былтыр COVID-19 дарылоо протоколун жашырган чиновниктерди жоопко тартууну талап кылышууда.
«Биз жакындарыбыздын өлүмүнө күнөөлүүлөр жана бир мезгилде жазаланышы үчүн керектүү чараларды көрбөгөн адамдар үчүн акыйкаттыкты талап кылабыз. Кадимки дарыгерлерге жумуш берилип, аларга карата куугунтуктоолор токтоп калышын каалайбыз», – деди митингдин катышуучуларынын бири Ырыскан Зулпукарова.
Тергөө органдары, Кыргызстандагы COVID-19га каршы күрөшүү боюнча 14 кылмыш ишин тергеп жатышат. Аларга бир катар жогорку кызматтагы адамдар шектелүүдө.