ВИДЕО- Кыргызстан светтикпи же …? Мыктыбек Арстанбектин тарапкерлери менен чыр чыкты | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Кыргызстан светтикпи же …? Мыктыбек Арстанбектин тарапкерлери менен чыр чыкты

Бүгүн, 27-январда, секцияда кечээ пленардык жыйында бир пикирге келе албай калган талаштуу маселелер талкууланат. Суроолордун бири Кыргызстандагы диндин ролуна байланыштуу.

Бул маселе талкууланган “Мамлекеттик түзүмдүн негиздери” секциясынын отурумуна диний лидер Мыктыбек Арстанбек бир топ кишилердин коштоосунда келди. Ал “светтик” деген сөздү мамлекеттин аныктамасынан алып салууну жана ага “Ислам мамлекети” деген түшүнүктү кошууну сунуш кылды. Сунуш карама-каршылыктарды жаратып, Мыктыбек Арстанбек жыйындан чыгып кетти.

“Биз дагы деле болсо Кыргызстандын ислам мамлекети катары расмий таанылышына жетишебиз” деди Арстанбекти коштоп бараткандардын бири.

Мыктыбек Арстанбекти коштоп келген бир нече жигит залда калышты. Секциянын мүчөлөрү “светтик мамлекет” түшүнүгүн калтырып, Арстанбектин сунушун четке кагуу үчүн добуш беришти, бирок залда калган балдар нааразы болушту.

“Эсептөө комиссиясы кайда? Сиз кандай чечим кабыл аласыздар? Кайра добуш берүүнү талап кылабыз” деди алардын бири.
Жыйындын мүчөлөрү өз кезегинде алардын талкуусу видеого тартылып калгандыгына нааразы болушуп, тасманы тартууну токтотуп, залдан чыгып кетүүнү талап кылышты.

Жигиттердин бири Конституциялык кеңешменин отурумдары ачык аянт болуп, бардык жарандарга жеткиликтүү болушу керек деди. Талаш-тартыштардан кийин жигиттерге жолугушууда калууга уруксат берилген, бирок аларга видео тартууга тыюу салынган.