ВИДЕО – Кыргызстандык мушкер эч качан жеңилбеген америкалык атаандашын нокаутка кетирди | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Кыргызстандык мушкер эч качан жеңилбеген америкалык атаандашын нокаутка кетирди

Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов «ONE Championship» уюумундагы чемпиондук титулун ийгиликтүү коргоду.

Кечээ, 6-ноябрда «ONE Championship» уюмунун Сингапурдагы турниринде Аббасов америкалык Жеймс Накашима (12-0) менен беттешкен.

Анын жыйынтыгында Аббасов атаандашын 4-раунддун соңунда нокаутка жөнөтүп, чемпиондук курун коргоп калды. Ал эми Накашима карьерасында биринчи жолу жеңилүү ызасын тартты. Ал буга чейин 12 беттешке чыгып, баарын жеңген эле.

Кыргызстандык мушкер «ONE Championship» уюмунун орто салмактагы чемпиондук курун 2019-жылы 25-октябрда швециялык Себастьян Кадестамды жеңип алган.