ВИДЕО- Навальный Путиндин “хан сарайын” иликтеп чыккандыгын айтып, видеосун жарыялады | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Навальный Путиндин “хан сарайын” иликтеп чыккандыгын айтып, видеосун жарыялады

Берлинден Москвага учуп барганда камакка алынган россиялык оппозиционер Алексей Навальный өзүнүн YouTube-каналына видео жарыялады. Андагы кооз сарай президент Владимир Путинге тиешелүү экенин жана айланасындагы адамдар каржылаганын айткан.

Видеотасманын кириш сөзүндө иликтөөдөгү башкы каарман – Владимир Путинден коркпостон бул тасманы Навальный Россияга кайткандан кийин жарыялоону пландаганы айтылган.

«Бүгүн сиздер жакындан көрүүгө мүмкүн болбогон нерсени көрөсүздөр. Биз менен бирге эч кимди киргизбеген жерге барасыздар. Биз Путинге конокко барабыз», – деп жазылган.

  • Алексей Навальныйды «Шереметьево» аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкен. Ал Москвага Берлинден учуп барган болчу. Кийинчерээк соттун чечими менен убактылуу камакка алынды.
  • Жаза аткаруу федералдык кызматы шарттуу түрдө жазага тартылган Навальныйга 2020-жылы 29-декабрда сыноо мөөнөтүнүн эрежелерин бузганы үчүн издөө жарыялаган. Ал учурда Навальный Германияда болчу. Өзүнүн айтымында, ууландырылгандан кийин дарыланып жаткан.