ВИДЕО – Ош шаарынын мэри кызматтан алынат деген кептин чын-бышыгы | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Ош шаарынын мэри кызматтан алынат деген кептин чын-бышыгы

Ал эми Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев кызматтан жакынкы аралыкта алынат деген кептерди социалдык тармактын колдонуучулары жазып жатышат. Бул маалыматтын чын-бышыгын мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсатаров айтып берди. Анын маалыматына ылайык, Сарыбашев кызматтан алынат деп айтылып жаткан кептерге негиз жок.

“Мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт, ошондо баары мыйзамдын негизинде билинет. Ал эми мэриядан Сарыбашев кетет деген кептер, социалдык тармактын 5-6 колдонуучусу тарабынан эле айтылып жатат. Албетте алар бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканын билебиз. Ал эми мэрияга бийлик тараптан эч бир маселе айтылган жок, учурда мыйзамдуу иштеп жатабыз. Болгону 5-6 адам ар нерсени жазып жатат. Албетте мэр болгусу келип, нааразы болгондор, алдыдагы шайлоого катышсын, жыйынтык ошондо билинет. Бул иш ордуна бул жерде 2 адам эле кызыктар, ошондуктан айтылган кептерге эч кандай негиз жок”, – деди Абсатаров.