ВИДЕО- Ош шаарынын мэри митингчилерге кайрылуу учурунда көзүнө жаш алды | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Ош шаарынын мэри митингчилерге кайрылуу учурунда көзүнө жаш алды

Буга чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевге Ош шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөндүктөн кызматынан кеткен. Бирок 7-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында мэр Таалайбек Сарыбашовду колдоо митинги өтүп, анда тарапташтар аны кызмат ордуна кайра кайтып келүүсүн талап кылышкан.

Сарыбашев элдин талабы менен аянтика келип, ага элдин соолугу негизги орунда тураарын, кызматка, креслого жабышпай тургандыгын айтты. Митингдеги күбөлөрдүн айтымында, мэр элге кайрылуу жасоо учурунда көзүнө жаш алган.

Мэр көзгө жаш алып элге кайрылды!

Опубликовано Жылдыз Аятиллаевой Среда, 7 октября 2020 г.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы буларды билдирди.

“Кечээ жарандар “Бир Бол” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дүйшөн Төрөкуловдун мэр болушун каалап жатса, экинчи тарап мурунку калаа башчысы Мелис Мырзакматовдун, ал эми айрымдары Таалайбек Сарыбашов мэр болуп келсин деген талап менен митингге чыгышкан. Кооптуу маселе жаралгандыктан мэр кызматты убактылуу тапшырган. Бирок расмий түрдө арыз жазган эмес. Бүгүн элдин талабы менен Сарыбашов кайра ишин улантып жатат.

Буга чейин мэрияны ээлеп алгандар мекемени бошотуп, чыгып кетишти. Мэр тиешелүү тапшырмаларды берип жатат”, – деди маалымат катчы.