ВИДЕО- Россиянын танкалары Афганистандын чек арасына жакындады | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Россиянын танкалары Афганистандын чек арасына жакындады

Тажикстан аймагында жайгашкан россиялык 201-базанын танкисттери Афганистандын чек арасына жакын барып, машыгууларды жасады. Муну бир нече күндөн кийин боло турган ири машыгууга даярдык деп эсептесе болот.

Афганистан менен Тажикстан чектешкен аймакка чукул жайгашкан Харб-Майдондо бул сапар бир топ техникалар чаңызгытып, 200 чакырым жолду басып, күчүн сынады. Аталган полигондо машыгуулар 1-августта башталып, он күнгө уланары белгилүү болгон.

201-базанын техникаларынын видеосун Звезда телеканалы жарыялады.

Марштын алкагында Т-72 танкасынын экипажы колонналарды аскердик жактан кайтарууга алуу, кооптуу делген жерлерди басып өтүү, диверсиялык-чалгын топтордун жана душмандын абадан жасаган кол салуусунун мизин кайтаруу боюнча машыгууларды жасады. Полигонго келгенден кийин экипаж позицияларды инеженердик жабдуулары жана аскердик техникаларды жашыруун жайгаштыруу боюнча иштеген. Аскерлер башкаруу жайлары орун ала турган жерлерди камдап, түптөп, душмандын көзүнө билинбегендей кылып техникаларды чүмбөттөө боюнча окуулардан өткөн.

Машыгуу ооган жергесинен кирип келиши мүмкүн болгон согушкерлерге каршы туруу максатында уюштурулууда.