ВИДЕО- Сенсация! Дастин Порье Конор Макгрегорду нокаутка учуратты
Бүгүн, 24-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында UFC мушташ уюмунун мурдагы чемпиондору Конор Макгрегор менен Дастин Порье беттешти.
Анын жүрүшүндө Дастин Порье 2-раундда техникалык нокаут менен жеңишке жетишти.
Аталган эки мушкер 2014-жылы дагы кез келишкен. Анда Макгрегор Порьени 90 секундда техникалык нокаут менен жеңип алган.
Макрегор жана Порье жеңил салмак категориясында күч сынашты.