ВИДЕО – “Шректин” эркеги ким? Союп коёюнбу?” Кызды басып алып, бычак такап коркутушкан | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – “Шректин” эркеги ким? Союп коёюнбу?” Кызды басып алып, бычак такап коркутушкан

Жалал-Абадда 3 кыздын чатагы боюнча иликтөө жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Эркиндик Медиага бүгүн, 4-декабрда Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, жакында интернетте 2 кыз бир кызды басып алып, бычак такап, уят сөздөр менен урушуп, коркутуп жатканы тартылган видео тараган. Анда бычак такаган кыз жабырлануучуга «Мага күчүң жетпейт. Мунун жеткен күчү милиция. Кааласаң ОИИБдин башчысына арыздан. Мени «Шректин» (мультфильмдеги каарман) эркеги дегениң үчүн жооп бер. «Шректин» эркеги ким? Мен мыкаачымын мууздап салайынбы? Азыр тартылып жаткан видеону интернетке чыгарам» деп коркуткан.

Тасмадагы окуя 2020-жылдын 17-августунда болгон.

«Жалал-Абад облустук ооруканасына 26 жаштагы А.Б. аттуу кыз көрүнүп, тасмадагы кыздардын үстүнөн милицияга арыз менен кайрылган. Шектүүлөр Ош облусунун тургундары – 26 жаштагы М.З. менен 23 жаштагы А.Н. аттуу кыздар болгон. Бул факты боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБде Жазык кодексинин ээнбаштык беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Экспертизанын жыйынтыгы менен тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр камакка алынды. Баш коргоо чарасы каралып, М.З. камакта калтырылып, тасмага тарткан шериги үй камагына чыгарылган. Кылмыш иш соттун кароосуна жиберилген», – деп айтылат маалыматта.

Коркутууга алган шектүү кыз шаардагы кыз-келиндердин СИЗОсунда кармалууда.

Эскертүү: Видеодо уят сөздөр бар