ВИДЕО- Ташиев: Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан генералдарды жакында ачыктайбыз | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Ташиев: Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан генералдарды жакында ачыктайбыз

Кыргызстанда баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө генералдардын дагы катышы бар. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Камчыбек Ташиев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, баңги бизнеси менен көп адамдар алектенишет, арасында погончондор да бар.

«Жакында биз алардын аттарын атап, айтып беребиз», – деди Ташиев.