ВИДЕО – Улукбек Мариповдун кандидатурасын Садыр Жапаров өзү сунуштаган | Эркиндик Медиа

ВИДЕО – Улукбек Мариповдун кандидатурасын Садыр Жапаров өзү сунуштаган

Улукбек Марипов премьер-министрлик кызматты президент Садыр Жапаров сунуштаганын билдирди. Ал мамлекеттик кызматта иштеген 20 жылдык тажрыйбасын колдонуп, алгылыктуу кадамдарга бара турганын айтууда.

Марипов өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана программасын  Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына сунуштай турганын билдирди. Ага ылайык, азыркы министрлердин дээрлик жарымы алмашат.

Ошондой эле, ал  шайлоо убагында Садыр Жапаровдун штабында иштеген деген кепти четке кагып, ал учурда эмгек өргүү алып айылында жүргөнүн кошумчалады.

“Бул маселе чечиле элек, тактап туруп айталы. Азыркы министрге менин жеке оюм жаман эмес. Бирок айыл чарба министрлиги абдан күчтөндүрүлүп жатат. Ошол жүктү тартып кете алабы же кете албайбы, ошол жагын эске алабыз”, — деди Марипов.