ВИДЕО- Жанар Акаев эл менен бирге Баткен облусунун тургунуна унаа белек кылды | Эркиндик Медиа

ВИДЕО- Жанар Акаев эл менен бирге Баткен облусунун тургунуна унаа белек кылды

Депутат Жанар Акаев чек арада жашаган Баткен облусунун тургунуна 100 миң сомдук Жигулини алып берди. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

Анын айтымында социалдык тармакка билдирүү жасагандан кийин эки саат аралыгында 70 миң сомдой акча каражаты чогулган.

“Чек арада жашаган үй-бүлө баарыңарга рахмат айтты достор, машинесин минип кетти!

2009-жылы чыккан Жигули экен, 100 миң сомго алдык. (инжектор)
Акебиз өзү ооруканада болуп (чек ара чырында ок жеген мурда), жубайы уулу менен алып кетти. Чекчейген жаңы унаа алып бере албасак да, Фейсбуктагы достордун чакан белеги бул бүлө үчүн чоң жардам болот деп ишенем!

Сиздерге Рахмат, дээрлик эки саатта эле 70 миң сом котордуңар.

Курсанбек Каныбеков, Кубанычбек Алибеков, Айбек Жолдошев, Mirbek Abdraximov, Жаныбек Нариев, Эмиль Туленбаев, Улан Асаналиев
ж.б. досторду белгилей албасам кечирим сурайм. Мен да өз салымымды коштум.

Көп түкүрсө көл болот!”, – дейт Акаев.

Эске сала кетсек, буга чейин эл өкүлү жеке социалдык тармактагы баракчасына Баткен облусунун тургуна унаа алып берүү үчүн акча чогултуп жатканын айтып, элден жардам сураган.

https://www.facebook.com/janar.akaev/posts/2966728570279159