Япон дарыгерлеринин профсоюзу Токио Олимпиадасын токтотууну талап кылууда | Эркиндик Медиа

Япон дарыгерлеринин профсоюзу Токио Олимпиадасын токтотууну талап кылууда

Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигине расмий өтүнүч кат жүзүндө берилген.

Дарыгерлер оюндар көрүүчүлөрсүз өтсө дагы, өлкөгө он миңдеген спортчулар жана аларды коштогон адамдар келе тургандыгын, бул коронавирус инфекциясынын көбөйүшүнө чоң коркунуч туудурарын айтышты.

“Дарыгерлер менен медайымдар жумушу өтө көптүгүнөн улам эмдөө сыяктуу маанилүү иш-чарага кыйынчылык менен катышууда. Ал эми Олимпиадада ыктыярчы болууга алардын чамасы келбейт” деп агенттик япон дарыгерлеринин профсоюзунун башчысы Наото Уеяманын билдирүүсүн келтирет.

Апрель айында Япониянын жашоочуларынын үчтөн экисинен ашыгы Токиодо 2021-жылы жайында өтүүчү Олимпиаданы жокко чыгарууга же кийинкиге калтырууга добуш беришкен.