Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери штаттык режимде жана күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө | Эркиндик Медиа

Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери штаттык режимде жана күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө

Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери штаттык режимде жана күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Түзүлгөн элдик кошуундун мүчөлөрү менен бирдикте облустун шаарларында жана айылдарында коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Өзгөчө маанилүү объекттер жана мамлекеттик мүлктөр кайтарылууда.

Жаштар кыймылынын активдүү мүчөлөрү, коомчулуктун жана жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте, эл арасында укук бузууларга, жеке менчик объекттерин басып алууга, талап-тоноочулука жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келген башка иш аракеттерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.  Соода түйүндөрүнүн ээлери менен убактылуу спирт ичимдиктеринин сатылышын токтоту туруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Интернет булактарында жана социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунун аймагында айрым жеке менчик объектилери таланып жана талкаланып жатат өндүү таралып жаткан маалыматтар чындыка дал келбейт. Жергиликтүү калк тарабынан кээ бир объекттер жергиликтүү бийлик органдарынын балансына өткөрүлүшү боюнча талаптар орун алган. Бирок, жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, башкача айтканда, бардык иш аракеттер укуктук талаада өткөрүлүшү керек экендигин элге жеткирилгенден кийин, аталган көйгөйлөр жеринен чечилүүдө. Учурда, аталган объекттер, жергиликтүү тургундардан түзүлгөн элдик коошундардын мүчөлөрү тарабынан кайтарылууда.

Эгерде сиздердин коопсуздугуңуздарга ар кандай коркунуч туудурган фактылар орун алса, милициянын ыкчам байланыш 102 номуруна жана ыктыярдуу элдик кошуундарга кайрылыӊыздар. Ошондой эле, коронавирус жугуштуу илдетине чалдыкбас үчүн, саламаттыкты сактоо адистери тарабынан көрсөтүлгөн санитардык эпидемиологиялык эрежелеринин талаптарын сактоого көӊүлүӊүздөрдү бурууга чакырабыз.