Ысык-Көлдө өткөн эл аралык марафонго ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери дагы катышты | Эркиндик Медиа

Ысык-Көлдө өткөн эл аралык марафонго ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери дагы катышты

Ысык-Көлдө өткөн эл аралык марафонго ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери дагы катышты. Бул тууралуу ИИМдин ККнын Басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 15-майында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долонту айылындагы ипподромдо «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» эл аралык марафонго 35 мамлекеттин спортчулары катышкан.

Бул марафонго Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери дагы катышып келишти. Алсак, милициянын прапощиги Нагызбек Карбозов 35-40 курактагылар арасындагы категорияда жана милициянын подполковниги Максат Тажиев 40-45 курактагылар арасындагы категория боюнча атаандаштарынын арасынан 3-орунду ээлешип коло медалдар менен сыйланышты. Ал эми милициянын подполковниги Таалайбек Алымкулов 45-50 курактагылар арасындагы категориялык атаандаштарынын арасынан он үчүнчү болуп келген.