Өзүн жоолукка асып алган аял тамашоучу Кадыр Жарматовдун келинчеги экендиги айтылды | Эркиндик Медиа

Өзүн жоолукка асып алган аял тамашоучу Кадыр Жарматовдун келинчеги экендиги айтылды

Өз өмүрүнө кол салган төрт баланын энеси шоумен Кадыр Жарматовдун жубайы. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги үй-бүлөнүн жакындарына таянып жжазып чыгышты.

Алардын айтымында, бүгүн “Сулайман-Тоо” мечитинде “жаназ” окуп, акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кара-Сууда өтөт.

Эске сала кетсек, буга чейин Кара-Суу районунда аял өз өмүрүнө кол салгандыгы маалымдалган Аялдын денеси бир күн мурун өз үйүнүн гаражынан табылгандыгы такталды. Ал өзүн жоолукка асып алган.

Ал эми Ош ОИИБи аталган окуя тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берди:

2021-жылдын 22-апрель күнү саат 13:10 чамасында, Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө маалымат Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак а/а Ишкаван айылында белгисиз аял өзүн-өзү асып каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат 2021-жылдын 22-апрелинде Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу чыгып төмөндөгүлөрдү аныкташкан.

2021-жылдын 22-апрель күнү саат 12:30 чамасында,Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак а/а Ишкаван айылынынтургуну, 32-жаштагы С.К нын үйүнүн жанындагы автоунаа токтотуучу гараждын ичиндеги темир торсунга белгисиз себептерден жолук менен өзүн-өзү асып каза болгондугу аныкталган.

Аталган окуя боюнча казаболгон К.Снын жолдошу 33-жаштагы Ж.К жана жакын туугандары эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдиришип,соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Маркум К.С 32-жашта Кара-Суу районунда туулган, үй-бүлөөлү, үч уул, бир кыздын апасы убактылуу эч жерде иштебейт.