Өзгөндө 70 миң сом карыз келди деп даттанган адам 20 жылдан бери электр тогуна болгон акчаны төлөгөн эмес | Эркиндик Медиа

Өзгөндө 70 миң сом карыз келди деп даттанган адам 20 жылдан бери электр тогуна болгон акчаны төлөгөн эмес

Өзгөндө электр жарыгынын акысы үчүн 70 миң сом карыз келди деп даттанган адам 20 жылдан бери электр тогуна болгон акчаны төлөгөн эмес. Бул тууралуу» Ош электр» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 27-январь күнү Өзгөндүн Мырза-Аке айыл өкмөтүндө элдик жыйын болуп өткөн. Бул чогулушта Адыр айылынын тургуну Ороз Токтосунов Казакстанда жумушуна байланыштуу жүргөн убакта Өзгөн РЭТ ишканасы тарабынан 70 миң сом карыз келгенин айткан.

Бул маселе боюнча Өзгөн РЭТ ишканасы тарабынан жеринде изилдөө жүргүзүлүп, төмөнкү жагдайлар аныкталды. Үй 1990-жылы курулган жана ошол мезгилден баштап электр энергиясын пайдаланып келет. Бирок Ороз Токтосунов 1995-жылдан 2000-жылга чейин Казакстанда үй-бүлөсү менен жашаган. Бүгүнкү күндө Өзгөн РЭТ ишканасына болгон карызы 7855 сом 14 тыйынды түзөт. Бул 2000-жылдан 2021-жылга чейинки карызы. Мунун ичинен коротулган электр энергияга болгон карызы 12312 сом 24 тыйын. Акт боюнча 35829 сом, туум 21166 сом. Өчүрүп, жандыруу карызы 8747 сомду түзөт.

Бүгүнкү күнгө чейин абонент электр энергиясын пайдаланып, бирок электр энергияга болгон төлөмдү жүргүзбөй келет. Өз убагында төлөбөгөндүгүнүн натыйжасында дебитордук карызы көбөйүп кеткен. Өзгөн РЭТ тарабынан берилген бир канча эскертүүлөргө карабастан, төлөөдөн баш тартып келген. 2017-жылы мыйзам бузуп, уурулук жолу менен электр энергиясын пайдаланып, инспектор З.Чутуров тарабынан акт түзүлгөн.

О.Токтосунов «Ош электр» ААКтын мыйзам боюнча аткарып жаткан иштерине коомчулук тарабынан күмөн жаратып, туура эмес маалымат тараткан. Ал 29-январь күнү Өзгөн райондук электр тармактарына келип, туура эмес маалымат таратканын мойнуна алып, ошондой эле 78 миң 55сом 14 сомду азыр төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып, буга чейинки электр энергияга болгон карызын ай сайын 200 сомдон төлөм жүргүзүп кутулууну суранып, эми мындан ары пайдаланган электр энергиясына өз убагында төлөм жүргүзүүгө кепилдик катын берди.