Жаңы төрөлгөн ымыркайды муздаткычка салып өлтүрүп алган дарыгерлер соттолду | Эркиндик Медиа

Жаңы төрөлгөн ымыркайды муздаткычка салып өлтүрүп алган дарыгерлер соттолду

18-январда Атырау облусундагы райондор аралык сот төрөт үйүндөгү муздаткычта жатып чарчап калган ымыркайдын иши боюнча айыпталган перинаталдык борбордун беш кызматкерине өкүм чыгарды.

Перинаталдык борбордун мурдагы башкы дарыгери Куаныш Нысанбаев 18 жылга, акушер-гинеколог Аскар Каиржан 16 жылга, акушер-медсестра Жамиля Кулбатырова 15 жылга эркинен ажыратылды. Үчөө тең алдын ала сүйлөшүп алып, жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүүгө айыпталышты.

Неонатолог дарыгерлер Руслан Нурмуханбетов менен Дарига Жумабаева кылмыш тууралуу маалымат бербөөгө күнөөлөнүп, ар биринин эркиндиги үч жарым жылга чектелди. Жарыш сөз учурунда айыпталуучулар күнөөнү мойнуна алышкан жок. Өкүм күчүнө кире элек, тараптар апелляциялык сотко даттанышса болот.

Окуя 2019-жылы сентябрда болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча ымыркай тирүү болгонуна карабай, дарыгерлердин шалаакылыгынан улам өлүү төрөлгөн делинип каттоого алынган. Бала кыймылдап, тирүү экени тууралуу белги бергенде, дарыгерлер документтерди кайра каттоого умтулушкан эмес. Коррупцияга каршы агенттик “ымыркайды муздаткычта калтыруу” жөнүндө буйрукту Атырау облустук төрөтканасынын ал кездеги башкы дарыгери Нысанбаев бергенин билдирген.