Жалал-Абад ОИИБде академиянын бүтүрүүчүлөрүнө алгачкы наамдар ыйгарылды | Эркиндик Медиа

Жалал-Абад ОИИБде академиянын бүтүрүүчүлөрүнө алгачкы наамдар ыйгарылды

Бүгүн, 21-июнда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы ИИМдин академиясын ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө алгачкы лейтенант наамдары ыйгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад ОИИБдин жетекчиси, милициянын полковниги Ашим Тагаев офицердик наамдарды тапшырып жатып бүтүрүүчүлөрдү эл үчүн ак кызмат өтөөгө чакырды. Жумушта жоопкерчиликтүү, жарандар менен сылык мамиледе болууга үндөдү. Алар жакынкы аралыкта облус аймагындагы бош кызмат орундарына дайындала тургандыгын, бөлүнгөн аймагында татыктуу кызмат өтөө зарылдыгын белгиледи. Бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, академиядан алган билимин практика жүзүндө ишке ашыруу керектигин айтып өттү.

Мындан сырткары 3-6-июнь күндөрү Ташкентте өткөн күжүрмөн самбо боюнча Азия биринчилигинде күмүш жана коло медаль уткан ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери сыйланышты.