Жалал-Абаддын мэри Мураталы Тагаев кызматын тапшырды | Эркиндик Медиа

Жалал-Абаддын мэри Мураталы Тагаев кызматын тапшырды

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өз ыктыяры менен кызматынан кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Ошол эле учурда шаардык кеңештин чечими менен Нуртилек Орозбаев убактылуу калаа башчысы болуп дайындалды. Ал буга чейин мэрдин орун басары болуп иштеп келе жаткан.

Мындан сырткары, шаардык кеңештин депутаттары “Тынчтык” коалициясын түзүштү.

Эске сала кетсек, Мураталы Тагаев 2018-жылдын 11-июнунан тарта Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеп келе жаткан.