ЖМК: Сыймык Жапыкеев ушул жумада кармалышы мүмкүн | Эркиндик Медиа

ЖМК: Сыймык Жапыкеев ушул жумада кармалышы мүмкүн

“Кыргыз темир жолунан” 250 миң доллар талап кылгандыгы үчүн кармалган жарандык активист Мелис Аспеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясы) башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу “Тараза” интернет-басылмасы өз булактарына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Каржы полициясынын башчысы ушул жумада камакка алынышы мүмкүн экендиги белгиленди.

Сайттын маалыматы боюнча, Аспеков тергөө учурунда ошол 250 миңдин 50 миң доллары Жапыкеевге берилген деп айткан.

Эске салсак, 9-январда жарандык активист Мелис Аспеков жана ишкер Улан Джураев 2021-жылдын 9-мартына чейин “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылгандыгы үчүн УКМКнын СИЗОсунда камакка алынган.